Кыргызстан эки «Airbus A321» учагын сатып алат. Минкаб келишимге кол койду

15:15, 05 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Министрлер Кабинетинде эки «Airbus A321ceo» учагын сатып алуу келишимине кол коюу аземи өттү. Келишимге «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана «BBAM Aircraft Leasing & Management» компаниясынын башкы директору Стив Зиссис кол койду.

Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, жаңы учактарды Кыргызстанга 2026-жылдын аягында жеткирүү пландаштырылууда.

Фото Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы. Келишимге кол коюлду

Аземде сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүнкү жетишилген макулдашуулар эки тараптуу ишенимдин, ачык диалогдун жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуунун жыйынтыгы экенин айтып, заманбап жана натыйжалуу учактарды колдонуу Кыргызстандын жарандык авиация тармагын жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

«Кыргыз Республикасынын аба паркын модернизациялоого багытталган демилгелерди ишке ашырууда көрсөткөн колдооңуздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Өлкөбүздүн авиация тармагына жетиштүү деңгээлде жана системалуу колдоо болбой, бул тармактын өнүгүүсү фрагменттүү мүнөздө жүрүп келди. Бирок акыркы жылдары бул багытта түп тамырынан өзгөрүүлөр башталды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин түзүү боюнча кабыл алынган стратегиялык чечим авиация тармагын өнүктүрүүнүн жаңы доорун ачты», — деди Адылбек Касымалиев.

Адылбек Касымалиев ошондой эле 2021-2025-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн саны 52%дык өсүштү көрсөткөнүн, ал эми аткарылган аба каттамдары 53%дык өсүш камсыздалганын билдирди. Ал эми, 2021-жылы өлкө аймагы боюнча 5 аэропорт иш алып барса, бүгүнкү күнү мамлекеттеги бардык аэропорттор иштеп жатат.

 «2023-2024-жылдары Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) жүргүзгөн аудиттеринин жыйынтыгында Кыргызстандын авиациялык тутумунун эл аралык стандарттарга шайкештигин тастыктады. Акыркы аудиттин жыйынтыгы боюнча авиациялык коопсуздуктун натыйжалуулук көрсөткүчү 85,76%ды түзүп, мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу олуттуу өсүштү камсыздады. Бул жетишкендиктер Кыргызстанды Европа биримдигинин Коопсуздук тизмесинен чыгарууга реалдуу өбөлгөлөрдү түзүүдө. Жакынкы күндөрү Европа комиссиясы тарабынан акыркы аудиттин өткөрүлүшү күтүлүүдө жана ал бул максатка жетүү жолундагы маанилүү этап болуп саналат», — деди ал.

Ал эми, «Airbus Europe» компаниясынын президенти Йохан Пелиссье алгач меймандостукта тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы биргелешкен ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда Кыргызстандын авиация тармагынын өкүлдөрү менен түз диалог түзүлүп жатканын, авиация тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

 Белгилей кетсек, «Airbus А321ceo» үлгүсүндөгү эки даана учакты «Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомуна өткөрүү иштери 2026-жылдын аягына пландалууда. Учактарды сатып алуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын туунду компаниясы «Асман Эйрлайнс» улуттук авиакомпаниясын колдоо, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту арттырууга, учуулардын коопсуздугун мындан ары бекемдөөгө, каттамдардын географиясын кеңейтүүгө жана эл аралык авиациялык мейкиндикте Кыргызстандын позициясын чыңдоо максатында жасалууда.