15:03, 05 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Интерполдун издөөсүндөгү чет элдиктер Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында интерполдун издөөсүндөгү жүргөн 1971-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Л.С.В. кармалды. Ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуу топ түзүү, алдамчылык жана өзгөчө ири өлчөмдө мүлк уурдоо фактылары боюнча издөөгө алынган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 183 600 000 казак теңгесин түзгөн.
Аталган документти алуунун мыйзамдуулугу тиешелүү органдар тарабынан текшерилүүдө.
Ошондой эле Бишкек шаарында 1986-жылы туулган чет өлкөлүк жаран О.Ч. кармалды. Ал Түркия Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү фактылары боюнча эл аралык издөөгө жарыяланган.
Ыкчам иш-чаралар чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлдү. Бул эл аралык издөөдө жүргөн жана адилеттиктен жашырынып жүргөн адамдарды кармоо багытындагы кызматташтыктын натыйжалуулугун тастыктайт.