17:30, 05 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 6-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу чөлкөмдөрдө кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер билдиришти.
Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −1... +4, күндүз +7... +12;
Талас жергесинде түнкүсүн −2... +3, күндүз +5... +10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +8, күндүз +11... +16;
Нарын аймагында түнкүсүн 0... −5, күндүз 0.. +5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1... +4, күндүз +4... +9;
Бишкек шаарында түнкүсүн +1... +3, күндүз +10... +12 градус.