Өзбекстандан келген 80 миңден ашык көчөт артка кайтарылды

14:05, 05 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Өзбекстандан келген 80 миң 520 түп көчөт артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Текшерүү учурунда жүктүн ээсинде мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сорттору боюнча тийиштүү документтери жок экени аныкталган.

Мындай чектөө 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирген министрлер кабинетинин № 103 токтомуна байланыштуу. Ага ылайык, Кыргызстанга мөмө-жемиш көчөттөрүнүн айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салынган.

Эреже бузулганына байланыштуу, аталган жүктүн баары Өзбекстанга кайра кайтарылды.