Бишкек-Торугарт унаа жолуна кар көчкү түштү. Жол жабылды

12:54, 05 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 304-чакырымында (Кара-Үңкүр тилкесинде) кар көчкү түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда жол убактылуу жабылды. Жол тейлөө ишканалары тарабынан ыкчам түрдө керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жолдун абалы тууралуу кошумча маалымат берилет.