11:53, 05 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин бүгүн, 5-марттагы жалпы жыйынында депутат Улукбек Карыбек уулу Парламенттик изилдөөлөр жана укук талдоо институтун түзүүнү сунуштады.
Ал эл өкүлдөрү мыйзамдарды кабыл алышаарын, бирок алардын кийин ишке ашырылышына кызыкдар эместигин, мыйзамдарды анализдеп, көзөмөл кылбай жатканын билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 158 миң 111 ченемдик укуктук акты бар, алардын 135 миң 567си күчүндө.
«Жогорку Кеңеш 5 миң 755 мыйзам жана 23 миң 347 токтом кабыл алды. Акыркы үч жылда депутаттар 677 мыйзам кабыл алышты, бирок алардын сегизин гана көзөмөлдөштү. Мыйзамга ылайык, үзгүлтүксүз мониторинг жана баалоо жүргүзүлүшү керек. Биз талдоо жүргүзүүгө милдеттүүбүз. Биз мыйзамдарды кабыл алабыз, бирок алардын сапаты, кандай иштээри жана жарандарга кандай таасир этери жөнүндө сурабайбыз. Мыйзамдардын сапаты төмөндөдү», — деп белгиледи депутат.
Ал 2024-жылы парламент мыйзамдарды баалоо системасы боюнча токтом кабыл алганын, ага ылайык ар бир парламенттик комитет кабыл алынган мыйзамдарды талдап чыгышы керектигин эске салды.
Улугбек Карыбек уулу ар бир мыйзамды талдап, Жогорку Кеңештин комитеттерине сунуштарды бере турган Парламенттик изилдөөлөр жана укук талдоо институтун түзүүнү сунуштады.