ӨКМ: Кыргызстанда бир катар ашууларда кар көчкү коркунучу бар

11:12, 05 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги туруксуз аба ырайына байланыштуу кар көчкү боюнча шашылыш эскертүү таратты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-мартта кар көчкү түшүү коркунучу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу ашуусунда, 198-265-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда;
  • Мырзаке — Кара-Кулжа — Алакуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарындагы Долон ашуусунда;
  • Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 201-205, 260-290 жана 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда;
  • Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн экенин эскертип, айдоочуларга унаалардын ортосунда кеминде 500 метр аралык сактоону сунуштады.