15:05, 04 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттардын айлыгын жарыялады. Бул тууралуу Марлен Маматалиев парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутатынын айлыгы 58 432 сомду түзөт.
Ошондой эле 80 миң сомго барабар болгон депутаттын фонду бар. Фонддун каражаттары кызматтык унааны тейлөөгө, айдоочуларга, кеңсе буюмдары, авиабилеттер жана аймактарга барууга жумшалат.
Анын айтымында, бул тууралуу мурда ЖМКларга бир аз бурмаланган, көбөйтүлгөн маалымат таркап кеткен.