Быйыл Кадыр түн 17-мартка караган түнү белгиленет

11:07, 04 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кадыр түн ыйык Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өткөрүлөт. Бул — Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бири. Бул түндү жер шарындагы миллиарддаган мусулмандар чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени бул түн жылына бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете.

Быйыл Орозо айында Кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан 24.kg агентигине билдиришти.

Кадыр түн ыйык Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү өткөрүлөт. Бул — Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бири. Бул түндү жер шарындагы миллиарддаган мусулмандар чыдамсыздык менен күтүшөт. Анткени бул түн жылына бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете.

«Кадыр» деген сөз ислам окумуштуулары тарабынан ар түрдүү чечмеленген. Негизинен, «өтө кадырлуу, улуу түн» дегенди билдирет. Дагы бир чечмелөөдө «кысылуунун, тардыктын түнү» деп да айтылат. Бул ошол түнү жер бетине түшкөн сансыз периштелерге жер тардык кылары менен түшүндүрүлөт.

Ислам түшүнүгүндө Кадыр түн — Куран түшүрүлгөн ыйык түн.

Ошондуктан бул күнү мусулмандар Куран окуп, дуба кылып, ибадатка көбүрөөк көңүл бурушат.