10:20, 04 марта 2026, Бишкек - 24.kg
2026-жылдын 5-мартында саат 13:30 К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин концерттик залында «Ак калпак — кыргыз мурасы» аттуу жаштар форуму өтөт.
Иш-чара Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Кыргызстан жаштар кыймылы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу тууралуу Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийим күнү катары белгилөө жөнүндөгү токтомунун алкагында уюштурулууда.
Форумдун максаты — ак калпактын тарыхый-руханий маанисин даңазалоо, улуттук кийимдердин баалуулугун жайылтуу жана жаштардын улуттук аң-сезимин бекемдөө.
Иш-чарага Арслан Койчиев, Мелис Мураталиев, Кыяс Молдокасымов жана башка коомдук ишмерлер катышат. Форумдун алкагында баяндамалар жана маданий программа сунушталат.
Министрлик жалпы коомчулукту жана жаштарды форумга активдүү катышууга чакырат.