Айсулуу Тыныбекованын жаңы төрөлгөн уулунун аты-жөнү белгилүү болду

08:30, 04 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Олимпиада оюндарынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова төрөт үйүнөн чыгарылды. Ал социалдык тармактагы баракчасына достору тарабынан тартылган видео жарыялады.

Аны жолдошу Бакберген Аттокуров коштоп жүрдү.

«Бул дүйнөгө кош келиңиз, Али», — деп жазылган анда.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова 1-мартта уул төрөгөн. Ал балбан Бакберген Аттокуровго 2025-жылдын январь айында турмушка чыккан. 2026-жылдын январь айында анын кош бойлуу экени жарыяланган.