07:45, 04 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) ушул жайда футбол боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүүчү өлкөлөрдүн бири болгон АКШ аскердик операцияларды баштагандан кийин Ирандагы окуяларды көзөмөлдөй турганын билдирди. Бул тууралуу спорттук ESPN басылмасы жазып чыкты.
Декабрь айында ФИФАнын президенти Джанни Инфантинонун колунан Дүйнөлүк тынчтык сыйлыгын алган АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн ишемби күнү Иранга ракеталык соккулар башталганын жарыялап, бул операцияны «ири согуштук миссия» деп атады.
Иран Азия футбол конфедерациясы (AFC) аркылуу финалдык турнирге жолдомо алып, G тобу ичинде, Бельгия, Жаңы Зеландия жана Египет менен ойнойт.
АКШ D тобунда Парагвай, Австралия жана Словения-Косово/Түркия-Румыния плей-оффунун жеңүүчүсү менен ойнойт.
ФИФАнын башкы катчысы Маттиас Графстрём кырдаал тыкыр көзөмөлдөнөөрүн баса белгиледи.
Баш катчы «Бүгүн бизде жолугушуу болду. Кененирээк комментарий берүүгө али эрте, бирок биз дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан окуяларды көзөмөлдөйбүз. Биздин артыкчылыгыбыз — бардык командалар үчүн коопсуз Дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү болуп саналат. Биз үч кабыл алуучу өлкө менен иштешүүнү улантып, бардык катышуучулардын коопсуздугун камсыздайбыз», — деп кошумчалады.