17:31, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 4-мартта түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан жана кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым райондордо катуу жаан-чачын болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −1...+4 күндүз 5...10
Таласта түнкүсүн −2...+3 күндүз 9...11
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4...6 күндүз 14...16
Ысык-Көлдө түнкүсүн −3...+2 күндүз 3...8
Нарында түнкүсүн −3...-5 күндүз 1...4
Бишкекте түнкүсүн 1...+3°, күндүз +8...+10° болот.