Кыргызстанда «Электрондук нотариус» мобилдик тиркемеси ишке киргизилди

14:57, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда «Электрондук нотариат» мобилдик тикемеси ишке киргизилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, азыркы учурда аны Play Market аркылуу жүктөп алууга болот, жакында App Store платформасында да жеткиликтүү болот.

Мобилдик тиркеме аркылуу төмөнкудөй нотариалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө болот:

  • жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү;
  • жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү;
  • паспорт алуу;
  • жарандыкты алуу же андан чыгуу боюнча макулдуктарды күбөлөндүрүү.

Ошондой эле мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдүн бажы тариздөөсүн жүргүзүү жана мамлекеттик мекемелерде кызыкчылыктарын коргоо үчүн (мүлктү өткөрүп берүүсүз) ишеним каттарды күбөлөндүрүүгө мүмкүн.

«Тиркеме аркылуу нотариалдык аракеттер Кыргызстандын аймагында жана чет мамлекеттерде жүргөн жарандарга, юридикалык жактарга карата, улуттук мыйзамдардын жана эл аралык келишимдердин талаптары сакталган учурда аткарылат», — деп айтылат маалыматта.

Жаңы санариптик курал нотариат тутумун реформалоонун алкагында ишке киргизилип, жарандарга жана юридикалык жактарга нотариалдык кызматтарга аралыктан жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган.