14:09, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Иран эли менен тилектештик билдирген митинг-реквием Иран элчилигинин жанында өттү. Митингге АКШнын жана Израилдин аскердик агрессиясынын натыйжасында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, кыргызстандык жарандык коом активисттери чогулушту.
Митингге чоңдор жана балдарды кошкондо кыркка жакын адам катышты.
Уюштуруучулар митинг тынчтык жана гуманитардык мүнөздө болгонун баса белгилешти. Митингдин максаты курмандыктардын элесин эскерүү, жаракат алгандарга көңүл айтуу жана элдин көңүлун кайгылуу апаатка буруу болгон.
Аба соккуларынын натыйжасында Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи, ошондой эле ондон ашык жогорку даражалуу ирандык аткаминер жана аскер кызматкерлери каза болгон.