13:22, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-мартында зер буюмдарын мыйзамдаштыруу боюнча кеңири масштабдуу кампанияны расмий түрдө жыйынтыктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кампаниянын жүрүшүндө 942 ишкер жалпы суммасы дээрлик 16,8 млрд сомду түзгөн зер буюмдарын легалдаштырып, 1 604 электрондук эсеп-фактура тариздеди.
Легалдаштыруунун жүрүшүндө келип чыгышын тастыктаган документтери жок зер буюмдарынын калдыктары тууралуу маалыматтар Салык кызматынын маалымат базасына киргизилди.
Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү бул демилге төмөнкүлөргө жардам бергенин баса белгилешти:
Эскерте кетсек, зер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясы пезиденттин «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлгөн.
Салык кызматы мындан ары да мыйзам талаптарын сактоо жана ишкерлер үчүн бирдей жана ак ниет шарттарды түзүү үчүн бизнес-коомчулук менен активдүү кызматташууну улантат.