Бишкекте заманбап маданий борбордун курулушуна мезгил кутусу салынды

13:09, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 3-мартта Бишкекте жаңы көп функционалдуу маданий борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда бул жерде эски Чатыр-Көл кинотеатрынын имараты турган. 2009-жылдан бери ал «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын имараты катары колдонулуп келген. 2025-жылы өрттөн кийин имарат кооптуу деп табылып, быйыл бузулган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Бишкекте маданий борбордун курулушу башталды
Андан соң имарат Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп, каражат бөлүнүп, заманбап курулуштун башталышын камсыз кылды.

Ачылыш аземинде маданият министри Мирбек Мамбеталиев жаңы борбор театралдык коюуларга, концерттерге, кино көрсөтүүлөргө, жаштар демилгелерине жана билим берүү программаларына кеңири аянтча болуп, чыгармачылыктын, диалогдун жана креативдүү индустриянын өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн маанилүү мейкиндикке айланаарын айтты.