08:30, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Болот Апилов Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Медетбек уулу Асхат ээлеп келген