07:45, 03 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Португалия жана Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жакында жаракатынан улам кошумча медициналык кароодон өтөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.
Белгилей кетсек, оюнчу Сауд Арабиясынын Премьер-лигасынын «Аль-Файх» командасына каршы беттешинин 81-мүнөтүндө талаадан аксап чыгып кеткен. Клубдун медициналык кызматкерлери анын сан булчуңуна муз коюшкан.
Атактуу футболчу октябрь айында FIFPro сезонунун мыкты командасына кирген. 41 жаштагы Криштианунун эсебинде 965 гол бар.
Буга чейин ал Forbes журналынын 2025-жылдагы эң көп акы төлөнүүчү оюнчулардын тизмесинде биринчи орунда турган. Роналду Португалиянын футбол боюнча улуттук курама командасына үзгүлтүксүз чакырылат.