15:21, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 2-марттан 10-мартка чейин өтүүчү жоогазын фестивалын баштлды.Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон жогору болуп, кардарлар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Фестивалдын негизги максаты — ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокто жергиликтүү продукциянын үлүшүн арттыруу жана калкты сапаттуу, экологиялык жактан таза гүлдөр менен камсыз кылуу. Иш-чарада жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукциясын түздөн-түз керектөөчүлөргө тааныштырып жатышат.
Мындан тышкары, фестиваль гүл чарбачылыгын өнүктүрүү, жаңы сортторду жайылтуу жана бул тармакка инвестиция тартуу багытындагы демилгелерди илгерилетүүгө өбөлгө түзөт. Иш-чаранын жүрүшүндө адистер тарабынан кеңештер берилип, гүл өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулууда.