Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси чукул кайрылуу жасады

15:10, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын начарлашына байланыштуу дипломатиялык миссия күчөтүлгөн деңгээлде иштеп жатканын билдирди. Ал президенттин жана Тышкы иштер министрлигинин көрсөтмөсү менен Падышачылыктагы кыргыз жарандарынын коопсуздугу дайыма көзөмөлдөнүп тураарын кошумчалады.

«Учурда ыкчам түрдө Сауд Аравиядагы ар бир жараныбыз менен иш алып барып жатабыз. Бул жакта окуп жаткан студенттер жана зыяратчылар менен туруктуу байланыштабыз. Умрачылар үчүн атайын штаб түзүлүп, муфтият, Дин иштери боюнча улуттук агенттик жана зыяратчыларды ташуу боюнча тандалып алынган умра компаниялары менен биргеликте атайын иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деди элчи.

Улукбек Марипов төмөнкүлөрдү белгиледи:

  • Сауд Арабиясынын аэропорттору салыштырмалуу үзгүлтүксүз иштеп жатат;
  • Ички авиация үзгүлтүксүз иштеп жатат;
  • Айрым эл аралык авиакомпаниялар каттамдарды кыскартты, бирок Сауд Арабиясынын каттамдары график боюнча жүрүп жатат;
  • Коңшу Бахрейндеги жарандар да тынымсыз байланышта, ал жерден 35 адам менен байланышта болгон.

«Биз кырдаалды саат сайын көзөмөлдөп жатабыз. Эгерде абал өзгөрүп, коркунучтар жаралса, биз жарандарыбызга дароо кабарлап, зарыл чараларды көрөбүз. Кудайым тынчтыкты сактап, эч жерде согуш болбосун», — деди элчи.

Сауд Арабиясындагы Кыргызстандын дипломатиялык миссиясы менен шашылыш байланышуу үчүн (түз номер): +966583769945.