Мектептерде окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү 84,8 пайызга жетти

13:06, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Мектептерде окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү 84,8 пайызга жетти. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүктүрүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары окуу китептерин басып чыгарууга мамлекеттик каржылоо бир топ көбөйдү.

2020-жылы басмага болжол менен 120 миллион сом бөлүнүп, 330 миңден ашык китеп басылып чыгарылды. 2025-жылы каржылоо 856,4 миллион сомго чейин көбөйүп, болжол менен 4,085 миллион окуу китеби басылып чыкты. Бул мектептердеги окуу китептери менен камсыздоонун жалпы көлөмүнүн 84,8 пайызын түзөт.