Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу өчүрүлөт

12:39, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын мэриясы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарынын тургундарына суу берүү убактылуу токтотуларын эскертет.

Маалыматка ылайык, 5-мартта ичүүчү суу берүү саат 9:00дөн 21:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай мекемелеринде убактылуу өчүрүлөт.

Бул чара «Ала-Тоо» суу топтомосундагы оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

Фото Бишкек мэриясы

«Бишкексууканал» ишканалар жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.