Ирандагы кырдаал: Кыргызстандагы бардык мечиттерде тынчтык үчүн дуба кылынды

10:34, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын бардык мечиттеринде дүйнө элинин тынчтыгы үчүн дуба кылынды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-мартта Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров дүйнө элинин тынчтыгын, үммөт амандыгын жана мекен бүтүндүгүн Жараткандан тилеп, дуба кылды.

Ошондой эле муфтияттын жетекчилигинин демилгеси менен өлкөдөгү бардык мечиттерде тараба намаздарында дуба кылынат.