10:12, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн саат 09:30га карата республиканын негизги ашууларында күн бүркөк, жол кыймылына чектөө жок. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда майда кар жаап жатат, учурда каттам бар. Барскоон — Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында, ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жолдо каттам бар.
«5-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам аталган жолдор аркылуу сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо зарыл », - деп айтылат маалыматта.
Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.