09:25, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Жакынкы Чыгыш аймагындагы татаал кырдаалдын уланып жаткандыгына байланыштуу, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жүргөн мекендештерди коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министрлик жарандарды дүрбөлөңгө түшпөй, тынчтыкты сактоого жана төмөнкү эрежелерди так аткарууга чакырат:
Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл.
ТИМдин билдирүүсү
Учурда БАЭде «жабык асман» режими киргизилгендиктен, жер кургактыгы же үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл болгон учурда гана кароо сунушталат.
БАЭдеги КР жарандары тууралуу актуалдуу маалыматтарды (аты-жөнү, паспорт номери, жашаган дареги) топтоо үчүн төмөнкү түз байланыш номерлери иштеп жатат: