09:05, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында болжол менен 3,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 2-мартта эртең мененки саат 5:44тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кытай менен чектеш жерде, Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышка 34 чакырым жана Караколдон түштүк-чыгышка 120 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу конуштарында сезилген эмес.