Айсулуу Тыныбекова көз жарды: «Биз эми үчөөбүз»

07:30, 02 марта 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын белгилүү балбан кызы Айсулуу Тыныбекова көз жарды. Ал соцтармак аркылуу ымыркайынын төрөлгөндүгүн куттуктагандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.

«Биз эми үчөөбүз. Ар бир каалоо-тилек, баталар үчүн үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдиребиз!» — деп жазды.

Ал 2025-жылдын январь айында турмушка чыккан. Кош бойлуу экенин 2026-жылдын башында социалдык тармактар аркылуу жарыялаган.