Быйыл Ош шаарынын бюджети 1,8 миллиард сомго көбөйөт

16:24, 27 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 27-февралда Ош шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угуу болуп өттү. Документке ылайык, шаардын бюджети 5,205 миллиард сомду түзөт, бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,8 миллиард сомго көп. Бул тууралуу мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Оморбек Торобаев, бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, ААБ, МАБ башчылары, коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар, активисттер жана шаар тургундары катышты.

Коомдук угууда Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Кушбак Шайиев Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жана артыкчылыктуу багыттары боюнча кеңири маалымат берди.

Ошондой эле, 2026-жылга карата бюджеттин жарандык анализи боюнча «Интербилим эл аралык борбору» коомдук бирикмесинин Оштогу филиалынын жетекчиси Гульгакы Мамасалиева баяндама жасап, «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын 2025-жылдагы бюджетинин эффективдүүлүгү боюнча жүргүзгөн жарандык мониторингдин жыйынтыгы боюнча билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө шаар тургундары, активисттер сөз сүйлөп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарттарды жакшыртуу, социалдык коргоо боюнча каражаттарды көбөйтүү, Алай 1, Алай 2 конуштарынын инфраструктурасын оңдоо, айыл аймактарында кош каржылоо долбоорун жеңилдетип берүү жана шаардагы коомдук транспорттун жүрүү жолдорун тартипке келтирүү, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо, ички жолдорду оңдоп-түзөө, экологиялык, тазалык маселелери боюнча бир топ сунуштар айтылды.

Шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов жарандардын бардык кайрылууларын эске алып, алардын сунуштарын шаардык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүүнү тапшырды.