15:15, 27 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев кызматтан кетти. Бул маалыматты муниципалитет тастыктады.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Мэрия зарыл болгон жараяндар аткарылгандан кийин мэрдин милдетин аткаруучу дайындала турганын белгиледи.