11:25, 27 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 27-февралда, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын облустук баскычы башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, облустук этапка райондук баскычта 1-2-орунду ээлеген 1606 окуучу катышууда.
Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өтүүдө:
— англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
— окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
— окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
Акыркы, улуттук этап март айына пландаштырылган.