27-февралга карата аба ырайы

17:26, 26 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 27-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, ал эми бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Бул тууралуу синоптиктер билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн −3... +2, күндүз +1... +6;

Талас жергесинде түнкүсүн −4... +1, күндүз +1... +6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3... +8, күндүз +8... +13;

Нарын аймагында түнкүсүн −6... −11, күндүз −6.. −11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0... −5, күндүз +2... +7;

Бишкек шаарында түнкүсүн −1... +1, күндүз +8... +10 градус.