16:13, 26 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп шайланды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында анын талапкерлиги үчүн 74 депутат макул деп добуш берсе, 3 депутат каршы болду.
Эскерте кетсек, ал бүгүн өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын тапшырган Чыңгыз Ажибаевдин ордуна шайланды.