15:24, 26 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
2025-жылы өлкөдө 136 миң 568 бала «балага сүйүнчү» төлөмүн алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгандардын ичинен 36 бала — үч эм жана андан көп төрөлгөндөр.
Эске салсак, «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.
Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.
Белгиленгендей, бул төлөмдү эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.