Мурдагыдан да жакшы болот: Садыр Жапаров Ташиев менен мамилеге комментарий берди

15:12, 26 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси боюнча айрым жарандардын тынчсыздануусуна токтолуп, «Андан ары эмне болот?» деген суроого жооп берди.

«Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат.

Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет. Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет», -деди президент