УКМК кызматкерине пара катары алтын куймаларын берген жаран кармалды

10:08, 26 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда УКМКнын кызматкерине жалпысынан 200 грамм салмактагы эки алтын куймаларын пара катары берүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-февралда УКМК тарабынан иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн атайын кызматтын кызматкерине пара катары алтын куймаларын берүү фактысы аныкталган.

УКМК басма сөз кызматы. Пара берген жаран кармалды
Жалпы салмагы 200 граммды түзгөн 2 даана алтын куймасын берип жаткан учурда 1978-жылы туулган Д.Р.Е. аттуу жаран кармалган. Алынган куймалардын болжолдуу баасы 3 миллион сомго жакын.

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул факт боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.