Албаниядагы рейтингдик мелдеш: Орозобек Токтомамбетов күмүш медаль жеңип алды

08:30, 26 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык балбан Токтомамбетов Албанияда өткөн эркин күрөш боюнча рейтингдик турнирде күмүш медалды жеңип алды.

Бириккен дүйнө күрөш уюмунун (UWW) маалыматы боюнча, ал 74 килограмм салмактагылар финалында ирандык Юнес Алиакбар Эмамиге 0-5 эсебинде утулуп калды.

Буга чейин кыргызстандык Азербайжан, АКШ жана Грузиянын өкүлдөрүн жеңген.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмактагылар арасында алтын медалды, ал эми Залкарбек Табалдиев коло медалды жеңип алган.