14:10, 25 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Манас шаарында 6 жаңы мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Манас шаарында курулушу башталган мектептердин жана кошумча корпустардын тизмеси:
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курула турган социалдык объекттердин долбоорлору менен таанышып, тиешелүү тараптар менен жыйын өткөрдү.
Ошондуктан, үч шаарда республикалык бюджеттин каражаттарына этап-этабы менен жалпысынан 36 жаңы мектеп курулуп жатат. Бишкек шаарында — 20, Ош шаарында — 10 жана Манас шаарында — 6 жаңы мектептин курулушу пландалган.