Салык кызматы эскертет: Тамактануу жайлары ККМ чек берүүгө милдеттүү

13:30, 25 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кафе жана ресторандарда эсептешүү учурунда кардарга контролдук-кассалык машинанын фискалдык чеги (ККМ) милдеттүү түрдө берилиши керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.

Көбүнчө фискалдык чектин ордуна кардарларга мекеменин эсептик программасында түзүлгөн тамактын аталышы жазылган пречекти же буйрутма тууралуу маалыматтын сүрөтүн беришет.

Мындай документтер фискалдык чектер болуп саналбайт, төлөө фактысын тастыктабайт жана салык системасында катталбайт. Ак ниетсиз салык төлөөчүлөрдүн мындай аракеттери чыныгы кирешелерди жашырууга жана салык төлөөдөн качууга багытталган.

Салык кызматы. Тамактануу жайлары ККМ чек берүүгө милдеттүү
Эскерте кетсек, төлөмдү кабыл алууда официант же кассир төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
  • буйрутманын жалпы суммасын айтууга;
  • төлөм ыкмасын тактоого;
  • кардарга ККМдин фискалдык чегин кагаз түрүндө берүүгө.

Фискалдык программалык камсыздоону колдонуу боюнча пилоттук долбоорго катышкан коомдук тамактануу ишканалары маалыматтарды онлайн берүү функциясы бар программалык камсыздоону пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.

Пилоттук долбоорго катышпаган ишканалар белгиленген тартипте катталган контролдук-кассалык машиналарды колдонууга тийиш. Ошентип, бизнестин иштөө формасына жараша маалыматтарды онлайн берүү функциясы бар фискалдык программа же катталган контролдук-кассалык машина колдонулат.

Белгилей кетсек, фискалдык чек төлөмдүн салык системасында катталганын, салыктардын бюджетке түшүшүн тастыктаган жана керектөөчүнүн укуктарын коргогон жалгыз документ болуп саналат.

Салык кызматы жарандарды кафе жана ресторандарда төлөм жүргүзүүдө фискалдык чекти талап кылууга чакырат.