13:05, 25 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин бүгүн, 25-февралдагы жалпы жыйынында депутат Улан Примов өлкөбүздун бермети болгон Ысык-Көлдү коргоо жана сактоо зарылдыгын көтөрдү.
Анын айтымында, Ысык- Көлдүн көлөмү жыл сайын тайыздап, тартылып баратат.
«ЖМКлардын маалыматы боюнча, мурда көлгө чоң-кичине болуп 80 дарыя куюлса, азыр алардын саны 35ке жакыны калды. Аны да дыйкандар колдонуп, көлгө дээрлик суу акпай жатат. Бул кооптондуруучу абал. Ысык-Көлдү коргоо жана сактоо боюнча шашылыш чаралар көрүлүшү керек же өзүнчө агенттик түзүп, эл аралык уюмдар менен иш жүргүзүү зарыл. Эгерде азыртадан көлдү сактоонун жолдорун издеп, чара көрүлбөсө, Кыргызстан келечекте экологиялык кырсыкка туш болот», — деп билдирди Улан Примов.