12:20, 25 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Өнөкөт уйкунун жетишсиздиги ден соолукка олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн. Бул тууралуу сомнолог Максим Новиков Lenta.ru сайтына жазды.
Анын айтымында, уйкунун жетишсиздиги жүрөк-кан тамыр ооруларынын, 2-типтеги диабеттин, семирүүнүн жана иммундук системанын алсырашынын коркунучун жогорулатат.
Көптөгөн изилдөөлөргө ылайык, узак убакыт бою уйкунун жетишсиздиги инсульт жана миокард инфаркты коркунучун жогорулатат. Адис айрым илимий изилдөөлөр уйкунун жетишсиздиги менен айрым рак түрлөрүнүн коркунучунун жогорулашынын ортосундагы байланышты көрсөтүп турат дейт.
Уйкунун жетишсиздиги депрессияны, тынчсызданууну жана эмоционалдык чарчоону пайда кылышы мүмкүн. Андан тышкары, өнөкөт уйкунун жетишсиздиги эс тутумга, көңүл бурууга жана концентрацияга таасир этет.
«Уйкунун тынымсыз жетишсиздиги мээнин түзүлүшүндө узак мөөнөттүү өзгөрүүлөрдү жаратып, деменция жана Альцгеймер оорусунун пайда болуу ыктымалдыгын жогорулатат», — деп кошумчалады ал.