Бишкекте бир нече чөнтөк уурулукка тиешеси бар делген УКТ мүчөсү кармалды

11:05, 25 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында бир катар чөнтөк уурулуктарга шектүү, кайталап кылмыш жасаган жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Ал iPhone 17 Pro Max уурдоо боюнча тергөө учурунда изделгенин Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун милициясына баасы 150 миң сом болгон iPhone 17 Pro Max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдаткан жаран кайрылган. Чүй проспектиси менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар уурдаганын билдирген. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголду.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы . Шектүү

Натыйжада шектүу катары 2000-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын эл көп чогулган коомдук жайларда жасалган төрт чөнтөк уурулукка тиешеси бар экени аныкталды.

Учурда тергөө иштери улантылууда.