09:43, 25 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 25-февралда эртең менен Кыргызстан аймагында болжол менен 3,0 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылыйык, жер титирөөлөр саат 5:07де катталган. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн ичинде Кызыл-Тоо айылынан 2 чакырым түндүк-чыгышта, Кайрат айылынан 4 чакырым түштүк-чыгышта, Заргер айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Эркин-Тоо айылынан 6 чакырым түндүк-батышта жана Маяк айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөлөр Кайрат, Заргер жана Кызыл-Тоо айылдарында болжол менен 3,0 баллга, ал эми Эркин-Тоо жана Маяк айылдарында 2,5 баллга жеткен.