Бүгүн Албанияда эл аралык рейтингдик мелдеш башталат. Кыргыз балбандар тизмеси

09:00, 25 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын спорттук күрөш боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы Бириккен дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) экинчи рейтингдик турнири — Muhamet Malo мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, турнир 25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында өтөт.

Кыргызстандык балбандар мелдеште күрөштүн үч түрү боюнча күч сынашат: эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү.

Фото UWW
Кыз-келиндер күрөшү:

65 кг — Гульнура Таштанбекова

68 кг — Мээрим Жуманазарова

72 кг — Нурзат Нуртаева

76 кг — Айпери Медет кызы

Эркин күрөш:

57 кг — Абдымалик Карачов

61 кг — Бекзат Алмаз уулу

65 кг — Билал Шарип уулу, Осконбай Абдисаматов

70 кг — Эрназар Акматалиев, Рустамжан Кахаров, Залкарбек Табалдиев

74 кг — Орозобек Токтомамбетов, Адилет Акылбеков

79 кг — Адилет Маратбаев

92 кг — Яков Чаплин

Фото UWW
Грек-рим күрөшү:

55 кг — Улан Муратбек уулу

60 кг — Курманбек Жапаров

63 кг — Афтандил Таалайбек уулу

67 кг — Баяман Каримов

72 кг — Амантур Исмаилов, Раззак Бейшекеев

77 кг — Илгиз Каныбеков

82 кг — Ырыскелди Максатбек уулу

87 кг — Асан Жанышов, Азат Салидинов