17:30, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Эртең, 25-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жана тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −4...0 күндүз +3...+8
Таласта түнкүсүн −3...2 күндүз +5...+10
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+4 күндүз +14...+16
Ысык-Көлдө түнкүсүн −2...+3 күндүз +4...+9
Нарында түнкүсүн −3...-5 күндүз 0...+3
Бишкекте түнкүсүн −1...-3°, күндүз +6...+8° болот.