16:29, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында кыска жана толук метраждуу көркөм тасмалар, ошондой эле илимий-популярдуу жана даректүү тасмалар үчүн ачык сценарийлер сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, сынак төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлөт:
Кыргызстанда катталган юридикалык жактар (продюсердик студиялар, чыгармачыл бирикмелер жана башкалар) катыша алышат. Кыргыз тилиндеги жана «америкалык» форматтагы сценарийлер гана каралат.
Сценарийлер он критерий боюнча бааланат: концепциянын оригиналдуулугу, сюжеттин түзүлүшү, каармандардын өнүгүшү, көркөм сапат, тилдик нормаларды сактоо жана автордун индивидуалдуулугу.
Сынак 17-июлга чейин уланат.