Өзгөртүлбөйт: Манас шаары атын сактап калат

14:34, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусундагы Манас шаары мурдагы аталышына кайтарылат деген маалыматтар тарап жатат. Бирок бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын айтымында, Манас шаарынын аталышын өзгөртүү боюнча эч кандай маселе каралган эмес жана күн тартибине коюлган жок.

Шаар мындан ары да азыркы — Манас деген аталышы менен кала берет.