14:19, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан 2028-жылга чейин электр энергиясынын таңкыстыгын толугу менен жабууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү электр энергиясынын жылдык жетишсиздиги болжол менен 4 миллиард киловатт-саатты түзөт.
«Быйыл болжол менен 400-500 МВт кубаттуулуктагы жаңы электр кубаттуулуктары ишке киргизилет», — деп белгиледи Ибраев.
Учурда тартыштык импорттун эсебинен жабылууда. Энергетика министри күнүмдүк керектөө 55 миллион киловатт-саат болгондуктан, электр энергиясынын дээрлик 50 пайызы сырттан сатып алынышы керектигин баса белгиледи.
Эскерте кетсек, Токтогул суу сактагычында 1-апрелге чейин 6,8 миллиард куб метр суу болот деп болжолдонууда.