13:52, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында кагаз электр энергиясына эсеп-дүмүрчөктөр алынып салынгандан бери 40 тонна кагаз үнөмдөлгөнүн жарыялады.
Анын айтымында, энергетика тармагындагы санариптештирүү өз жемишин берип жатат.
«Билгениңиздей, биз кардарларга кагаз түрүндөгү электр энергиясынын эсептерин жөнөтпөй калдык. Баары «My Light» тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт. Кагаздан түшкөн каражат үнөмдөлүп жатканы айдан ачык. Андан тышкары, 2022-2023-жылдары акылдуу эсептегичтер орнотулгандан кийин 416 инспектор жумуштан бошотулуп, 290 миллион сом үнөмдөлдү», — деп белгиледи министр.