Эрнис Толтоев Ош шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды

11:24, 24 февраля 2026, Бишкек - 24.kg

Эрнис Толтоев Ош шаарынын мэринин чарба жана транспорт маселелери боюнча орун басары болуп дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка мэр Жанарбек Акаев кол койду.

Фото Ош мэриясынын басма сөз кызматы. Эрнис Толтоев

Буга чейин бул кызматты Сонунбек Жунусбаев ээлеп турган.

Мэрия Толтоев коммуналдык кызматтардын иштешине, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаардын долбоорлорун координациялоого жооптуу болорун белгиледи.